• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

27 Тогуздун айы 2020 10:33 Бишкек Govori.TV

Бишкекте унаа алдамчылыгына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызда таанышы 15-август күнү ишенимге кирүү жолу менен BMW X5 автоунаасын алып, убадасына турбай белгисиз тарапка из жашырып качып кеткени айтылган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

«Шектүү катары 1983-жылы туулган жаран кармалды. Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыш иштерге тиешеси бар же жогу териштирилип жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 38