• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте алгачкы жолу электромобилдердин жүрүшү болот

27 Чын куран 2021 17:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, борбор калаада 28-апрелде эртең мененки саат 10:00дө биринчи жолу электромобилдердин (электромобилдер, экобайк) жүрүшү болот.

Маалыматка ылайык, шаардык мэрия айлана-чөйрөнү коргоп, түтүнгө каршы күрөшүү боюнча ар тараптуу иштерин улантууда. Жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, абанын булганышынын негизги себептеринин бири бул автоунаа транспортунан чыккан зыяндуу заттар, буга байланыштуу шаардык муниципалитет коомдук транспорттун экологиялык таза түрлөрүнө көңүл бурууда.

Жүрүш жаңы “Ден соолук” сейил багынын түндүк тарабынан башталат — М.Гшлессера көчөсүнөн, биз Ч.Айтматов проспектиси менен А.Масалиев көчөсүнө көтөрүлүп, ал жерден чыгышка карай Токомбаев жана Нуркамал Жетикашкаева көчөлөрүнүн кесилишине чейин барып, “Ден соолук” сейил багына Токтоналиев көчөсү менен кайтат.

Белгиленгендей, шаардыктардын коопсуздугу үчүн айдоочуларды Бишкек ШИИББнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын 5 унаасы жана эки тез жардам унаасы коштоп жүрөт. Жүрүштүн маршруту боюнча жолдун унаа жүрүү бөлүгү жарым-жартылай чектелет, колонна өткөндөн кийин жол дароо ачылат.

Количество просмотров: 107