• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте Алыбаев көчөсүндөгү суу түтүктөр алмаштырылууда

4 Баш оона 2022 16:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Мидин Алыбаев көчөсүндөгү суу түтүктөр алмаштырылууда. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда “Бишкекжылуулукэнерго” ишканасына караштуу 66 отказандын 50гө жакыны кышка толук даяр болуп калды. Отканалардагы отказандарды оңдоп-түзөөдөн сырткары, ысык суу жана жылуулук өтүүчү суу түтүктөрдү да оңдоо иштери үзгүлтүксүз жүрүп жатат. Чирип, эскилиги жеткен суу түтүктөр казылып алынып, ордуна жаңы суу түтүктөр орнотулууда.

Белгилүү болгондой, буга чейин №6 тилкедеги отканага караштуу 220 метр жердин суу түтүгү алмаштырылса, азыркы учурда №5 тилкедеги отканага караган борбор калаанын Мидин Алыбаев көчөсүндөгү 35 метр жердин суу түтүгү алмаштырылууда.

Бүгүн “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын башкы инженери Нурмат Балтабаев иш жүрүп жаткан жерге барып, иштин жүрүшүн текшерди.

Эске салсак, “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасында 9 откана бар. Тогуз отканага бардыгы 66 отказан жайгашкан. Бул отказандардын көбүнчөсү Бишкек шаарынын батыш тарабындагы көп кабаттуу үйлөрдү, жеке турак үйлөрдү, мамлекеттик, социалдык мекеме, ишканаларды жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылат.

Количество просмотров: 159