2023-жылы 17-февралдан 23-февралга чейинки аралыкта 157 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы бир жумада 4 миң 821 мыйзам бузуу аныкталды. Анын ичинде:
транспорт каражатын каттоонун эрежесин бузуу – 201;
тиешелүү документи жок унаа башкаруу – 104;
жөө өтмөктө жол кыймылынын эрежесин бузуу – 96;
автоунаанын терезесин караңгылатуу – 31;
коопсуздук эрежелерин бузуу – 622;
башка эреже бузуулар – 2 миң 846;
айып короосуна токтотулган унаалар – 764.
Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы жол кыймылынын бардык катышуучуларын жол эрежесин сактоого чакырат.