• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте апта ичинде 5 миң 652 жол эрежесин бузуу катталды

17 Чын куран 202311:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын аймагында бир жуманын ичинде 5 миң 652 жол эрежесин бузуу катталды. Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, мас абалында унаа башкарган 9 айдоочу кармалган.

Андан тышкары:

документи жол унаа башкаруу — 53;
жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн — 81;
жол белгилерин баш ийбөө — 3 миң 465;
автоунаанын терезелерин караңгылатып айдоо — 34;
коопсуздук курун тагынбоо — 991;
башка эреже бузуулар — 712.
728 автоунаа айып короосуна токтотулган.

Количество просмотров: 83