• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте аскерлер бараткан унаа кырсыктады

29 Бирдин айы 202022:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында аскерлер бараткан унаа кырсыктап, дүкөндү сүздү. Бул тууралуу «Короче» Telegram каналына жарыяланды.

Кайгуул милициясынын маалыматына ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 29-февралда, саат 08:00дөр чамасында Жибек Жолу проспектиси менен Кулиев көчөсүнүн кесилишинде болгон.

«Аскерлерди алып бара жаткан унаа батыш автовокзалынын аймагында өз тилкесинен чыгып кеткендиктен дүкөндү сүзүп алган. Териштирүү иштери жүрүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 238