• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Бишкекте автобус коюп кеткен кыз ооруканада жатат

23 Үчтүн айы 201910:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.01.2019.Govori.TV.

Кырсык 22-январда болжол менен саат 15:30 чамасында Чүй жана Жаш гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Алдын ала маалымат боюнча Бишкектеги маршруттук каттамдагы №7 автобус жөө кишилер өтө турган тилкеде бараткан 16 жаштагы кызды коюп кеткен. Учурда кыз ооруканада дарыланып жатат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымдашты.

Автобустун айдоочусу 29 жаштагы жаран экени такталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 16