Бишкекте бүгүн эртең менен Салиев жана Осмонкулов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, Toyota автоунаасы оодарылып калган. Милициянын кайгуул кызматынан Toyota жол чыракта башка унаага тийип кетип, оодарылып кеткенин кабарлады.
Кырсыктан Toyotaнын айдоочусу жана жүргүнчү жабыркап, ооруканага жеткирилген.
Учурда кырсыктын жагдайлары такталууда, автоунаалар айып короосуна киргизилген.