• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте автоунаада баратып ок аткан жаран кармалды

6 Бештин айы 2019 10:16 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Түштүк магистраль менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин кесилишинде автоунаада баратып, асманга ок аткан жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

«Бишкек шаарында автоунаада баратып тапанчадан асманга ок аткан адамга издөө жарыяланган. Натыйжада 1996-жылы туулган Д.М. аттуу жаран кармалды. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө иштери жүрүп жатат. Ошондой эле кармалган адамдан «МР-371″ үлгүсүндөгү сигналдык тапанча алынган. Анын огу жок болгон», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 5-декабрда Түштүк магистралдын жанында «Ала Арча» соода үйүнүн жанында ак түстөгү жеңил машиненин айдоочусу терезеден тапанчадан асманга ок атып, жолун улантып кете берген.

Количество просмотров: 162