Бишкек шаарындагы үй-бүлөлүк чыр-чатактан кийин 2 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 6-мартта саат 12:00 чамасында 5-кичи райондогу батирлердин биринде болгон. Ал жерге барган ыкчам топ аял кишинин денесин, андан кийин жуунучу бөлмөдөн эркек кишинин асынып турган денесин табышкан.
«Үйдүн ээси аялы менен уулун бычактап, андан кийин өзү асынып алган. 2010-жылы туулган бала борбордогу №3 ооруканага жеткирилди. Окуянын чоо-жайы такталып жатат»,-деп айтылат маалыматта.