Бишкек шаарында 28-августта эртең менен эркек адамдар арасында мушташ чыгып, анын кесепетинен алардын бири комага түштү. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Болгон окуянын видеосу интернетке жарыяланган.
Маалымат боюнча, 28-августта Ленин РИИБге Д.М. аттуу жаран (аял киши) арыз менен кайрылган. Ал саат 07:00 чамасында Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Ярмарка» дүкөнүнүн жанында күйөөсүн сабап, качып кеткен адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн. Жабырлануучу — 1988-жылы туулган М.А. тез жардам унаасы аркылуу Улуттук госпиталга жеткирилген.
«Бул факт Жазык кодексиндеги 138-берене (ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Аталган окуядан кийин Улуттук госпиталга 1988-жылы туулган Б.У. да түшкөн. Бул факт Жазык кодексиндеги 266-берене (бейбаштык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан шектүүлөрдүн өздүгү аныкталды. Алар — 1985-жылы туулган Б.Ж. менен 1999-жылы туулган С.К. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.