• Шейшемби 2 Жалган куран 2021

Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт

19 февраля 2021 в 10:05 Бишкек Govori.TV

Бишкекте кезектеги азык-түлүк жарманкеси 20-21-февралда өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Айыл чарба продукцияларынын Бишкек шаарында өтүүчү даректери:

  • Ленин райондук администрациясы, Чапаева-Айни көчөлөрүнүн кесилишинде;
  • Октябрь райондук администрациясы, 12 кичи район, А.Токомбаев көчөсү;
  • Биринчи май райондук администрациясы, И.Раззаков – Киев, Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.

Жарманкеде азык -түлүккө коюлган баалар:

  • Жылкы эти – 380-390 сом;
  • Кой эти – 410 сом;
  • Тоок эти – 190-200 сом;
  • Суу май (раст масло) – 118-120 сом;
  • Үй жумурткасы 10 даана – 90-100 сом;
  • Кум шекер – 56-57 сом;
  • Күрүч – 55-60 сом;
  • Алма – 30-50 сом;
  • Картөшкө – 22-25 сом .
Теги:
Количество просмотров: 46