• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Бишкекте бүгүн маршруткалар кечке чейин каттамга чыкпашы мүмкүн

2 Кулжа 2021 14:56 Бишкек Govori.TV

Бишкекте бүгүн маршруткалар кечке чейин каттамга чыкпашы мүмкүн. Бул тууралуу маалымат жыйынында Бишкектин шаардык транспорт маселелери боюнча вице-мэри Русланбек Акылбеков билдирди.

Анын айтымында, муниципалитет сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, бирок андан тыянак чыга элек.

Мындан тышкары вице-мэр белгилегендей, учурда Бишкек мэриясы шаардык кеңештин депутаттарына кезекесиз жыйынга чогулуп, тарфитерди жогорулатуу боюнча маселени карап берүүнү сунуштоодо.

“Биз токтомдун долбоорун шаардык кеңештин кароосуна алып чыктык, бирок БШКнын депутаттары чогулат деп кепилдик бере албайбыз. Болбосо, маселе БШКнын жаңы курамы шайланганга чейин жылдырылат”, — деп түшүндүрдү вице-мэр.

Эскерте кетсек, бүгүн, 2-июнда борбор калаада маршруттук таксилердин айдоочулары жол кире акысын көтөрүп берүү талабы менен иш ташташкан. Буга байланыштуу коомдук транспорттун тартыштыгы байкалууда.

Количество просмотров: 253