• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Бишкекте баңгизатын жүгүртүүгө шектүү адамдар кармалды

30 Үчтүн айы 202118:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери баңгизатын жүгүртүүгө шектүү адамдарды кармашты. ШИИБдин басма сөз кызматынын бүгүн, 30-январдагы маалыматы боюнча, Чүй облусунун аймагында баңгизатын ташуу менен алектенген кылмыштуу топ иштеп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Жазык кодексинин 267-беренеси менен иш козголгон. Текшерүү иштеринин алкагында Тоголок Молдо менен Витебск көчөлөрүнүн кесилишинен «Хонда Одиссей» унаасы токтотулган. Анын ичинде айдоочу — 1986-жылы туулган Т.Н., жүргүнчүлөр — 1989-жылы туулган Б.О. менен 1987-жылы туулган У.А. болгон.

Унаанын арткы отургучунун алдынан кара түстөгү баштык табылып, анын ичинен белгисиз жаты бар 3 кг салмактагы зат чыккан. Б.О. кийип турган сырт кийимдин чөнтөгүнөн да 9 грамм зат табылып, бул заттар гашиш экени белгилүү болду.

Шектүүлөр камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 105