Бүгүн, 9-апрелде жааган кардан улам Бишкек шаарындагы бак-дарактар кулап, бутактары унааларды басып калды.
Ал эми Бишкек мэриясы калаада канча дарак кулагандыгы такталып жатканын билдирди.
Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында абанын температурасы кескин төмөндөп, үшүк жүрөрүн билдирген эле.