• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

Бишкекте бала бакчада бала тепкичтен кулап, мээси чайкалды

13 Бирдин айы 2018 17:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13.02.2018. Govori.TV.
Бишкек шаарындагы №73 бала бакчадан эртең менен 5 жаштагы бала бийиктиктен кулап кетип, тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилди.
Жабыркаган бала №3 шаардык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген.
Даарыгерлердин айтымында, баланын мээси чайкалган, учурда анын абалы туруктуу.
Бала бакчанын тарбиячысынын айтымында, 5 жаштагы бала экинчи кабатынын тепкичинен кулап калган, бирок буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары бөбөк бала бакчанын экинчи кабатынан кулап кетти деп жазышкан болчу.

 

Количество просмотров: 35