• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте бала сатуу боюнча шектүү гинеколог менчик клиникада дагы эмгектенээри белгилүү болду           

10 Аяк оона 2018 17:11 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 10.09.2018. Govori.TV
Бала сатуу кылмышына   шектелип жаткан  гинеколог №1-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштей турганы белгилүү болгон эле. Андан сырткары менчик клиникада да иштеп келгенин бүгүн, аталган дарыгерлер борборунун башчысынын орун басары Бегайым Токтобекова, super.kg сайтына билдирген.
«Бала сатууга шектелип жаткан гинекологдордун бири, биздин борбордо эмгектенет. Айта кетчү нерсе, медицина тармагында эмгектенгендердин баары эле мамлекеттик ооруканалардан сырткары, менчик клиникаларында да иштешет. Ал бизде иштеген убактысы бүткөндөн кийин менчик клиникалардын биринде иштей турганын билем. Негизинен биздин борбордо иштеген гинекологдор кош бойлуу айымдарды каттоого алышат, аял кош бойлуу кезинде эне-баланын абалын көзөмөлдөшөт. Кийин ай-күнү жеткен соң төрөт үйүнө жиберишет. Биздин үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда кош бойлууларды төрөтпөйт, бойдон да алдырышпайт. Себеби бизде тиешелүү хирургиялык куралдар да жок. Биздин борбордо «бала сатылды» деп жүрүп жаткан сөздөр чындыкка дал келбейт. Бул нерсеге биздин тиешебиз жок», — дейт Токтобекова.
Ошондой эле кылмышка шектелип жаткан гинеколог өзүн буга чейин мыкты адис катары көрсөтүп келгенин кошумчалады.
Эске салсак, милиция кызматкерлери тарабынан 7-сентябрь күнү Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун гинекологдору бала сатууга шектелип кармалган. Белгилүү болгондой, бала сатуу фактысына 5 гинеколог шектелүүдө. Алардын бири учурда камакка алынганы маалым, ал эми калгандары өлкөдөн чыкпоо чечими менен бошотулганы айтылууда.
Количество просмотров: 35