• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Мамлекет “Каприз” жана “Карвен 4 сезондогу” үлүшүн сатууну пландоодо

5 Чын куран 2023 17:17 Бишкек Govori.TV

Мамлекет жакын арада Ысык-Көлдөгү “Каприз” жана “Карвен 4 сезон” эс алуу жайларынын акциясынын үлүшүн сатыкка коюуну пландоодо. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Канатбек Тургунбеков парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, буга чейин акционерлердин жыйыны өткөн.

“Аталган объектилер менчиктештирүү программасына киргизилет. Базар баасы туура келсе, сатууга аракет кылабыз”, — деди ал.

Эскерте кетсек, мамлекеттин үлүшү “Карвен 4 сезон” эс алуу жайынын акцияларында 33,3 пайызды, “Каприз” эс алуу жайынын акцияларында 28 пайызды түзөт.

Количество просмотров: 450