• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бакиров: «Мегакомду» сатуу боюнча атайын комиссия түзүлөт

17 Баш оона 2021 12:23 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров «Мегаком» бренди менен белгилүү «Альфа Телеком» мамлекеттик компаниясы боюнча атайын комиссия түзүлүп, иштеп чыккандан кийин сатыкка коюларын билдирди. Бул тууралуу ал Бишкекте өткөргөн маалымат жыйында айтты.

«Жогорку Кеңештин токтому чыкканы менен дароо эле соода башталбайт. Ага чейин кайра баалоо иштери жүрөт. «Альфа Телеком» стратегиялык мекеме болгондуктан атайын комиссия түзүлөт. Бардык иштер ачык жүргүзүлөт”, — деди Бакиров.

Жогорку Кеңеш 30-июлда Министрлер кабинетинин «Альфа Телеком» мамлекеттик компаниясын (100% акциясын) сатуу сунушун колдогон. «Мегаком» компаниясынын баасы бычылгандан кийин аукцион, конкурс же түз сатылат.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду буга чейин “Менчиктештирүү–2020-2022” деген программанын алкагында 25 мамлекеттик мүлктү сатыкка чыгарган.

Количество просмотров: 128