Бишкек.28.02.2019.Govori.TV.
Бишкектин Биринчи май РИИБине 27-февралда белгисиз аял өзүнүн баласын сатууга аркет кылып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси (адам сатуу) менен Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды, деп маалымдайт ШИИБдин басма сөз кызматы.
Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Биринчи май РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүү — 1988-жылы туулган М.Н. кармалды. Ошондой эле бул кылмышка катышкан деген шек менен 1969-жылы туулган Т.Ж. жана 1993-жылы туулган Б.А. кармалды. Үчөө тең аял кишилер.
Шектүүлөр убактылуу камакка алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.