• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкекте “Балама жомок” китеп жарманкеси өтөт

29 Баш оона 202414:42 Бишкек Govori.TV

31-августта саат 14:00дө Бишкек шаарындагы Курманжан Датканын эстелигинин алдында “Балама жомок” аттуу китеп жарманкеси, конкурстар, табышмак-викторина, презентация жана мастер-класстар өтөт.

Иш-чарада кыргыз тилинде кызыктуу, иллюстрациялуу, сапаттуу китептерди балдарга тил үйрөнүүдө, дүйнө таанымын кеңейтүүдө, ой жүгүртүүлөрүн өнүктүрүүдө эң баштапкы жана негизги курал катары презентация болот

Балдарды китепке жакындатуу, сүйдүрүү үчүн “Биринчи китебим” аттуу мастер-класс, жомок боюнча табышмак-викторина, ата-энелер үчүн “Жомок айткан ата-эне” номинациялары боюнча конкурс уюштурулат.

Количество просмотров: 92