• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте балдар арасында марафон өтөт

29 Бугу 202516:24 Бишкек Govori.TV

 1-майда Бишкектеги Турдакун Усубалиев аянтында SHORO TAYKŪLŪK KIDS RUN масштабдуу балдар жарышы өтөт.

Мэриядан билдиришкендей, иш-чара бардык жаш категорияларын жана 2 жаштан 16 жашка чейинки балдарды камтыйт.

Катышуучулардын чуркоосу жаш курактарына карата бөлүштүрүлөт:
— 2-5 жаш — 300 метр;
— 6-8 жаш — 500 метр;
— 9-12 жаш — 1 км;
— 13-16 жаш — 3 км.

Ал эми, көрүүчүлөр жана коноктор үчүн фуд-корт, оюн аянтчалары, сахна, улуттук кийимчен аниматорлор менен старт шаарчасы уюштурулат. Ошондой эле артисттердин спектаклдери, сынактар ​​жана майрамдык программа пландаштырылган.

Жарыштын маршруту Абдумомунов көчөсү менен өтөт. Милиция кызматкерлери коопсуздукту көзөмөлдөп, марада тез жардам станциясы нөөмөттө турат.

Иш-чарага байланыштуу 31-май күнү саат 07:00дөн 21:00гө чейин №1 жарым экспресс-автобустун каттамы өзгөрөт.

Количество просмотров: 229