• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте балдарды коргоо күнү кандай белгиленүүдө? (комментарийсиз)

1 Кулжа 2021 18:34 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүн борбордун кичинекей тургундары аянттагы фонтанга түшүү менен майрамдашууда.

Борбордук “Ала-Тоо” аянтындагы чогулган бөбөктөр күндүн ысыгында сергип, фонтанга жуунуп, күнгө какталып, суу чачышып ойноп жатышат.

Чогулгандарды милиция кызматкерлери таратуу аракетин көрүшүүдө, себеби фонтан суусуна жуунуга болбойт.

Бул ирээт да коронавирус пандемиясынан улам балдардын көңүлүн көтөрүү максатында масштабдуу иш-чаралар уюштурулган жок, ал эми соода борборлорундагы оюн аянтчалар убактылуу жабык турат. Андыктан ата-энелер балдарын ачык аянттарда, парктарда сейилдөө менен майрамды белгилешүүдө.

Количество просмотров: 129