• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Бишкекте балдарды сатып жүргөн деген шек менен гинеколог дарыгерлер кармалды

10 Аяк оона 2018 14:01 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 10.09.2018. Govori.TV.
Бишкекте тартип сакчылары балдарды сатууга шектүү делген дарыгерлерди кармашты. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган окуяга шектүү деп кармалган 5 кишинин экөөнө чет жерге чыгып кетпөө тууралуу эскертүү берилген. Калган үчөө № 1 тергөө абагында кармалууда.
ИИМдин басма сөз кызматы аталган фактыны тастыкташты. Бирок, кененирээк маалыматты кийин бере тургандыктарын айтышты.
«Учурда КР Жазык кодексинин «Адам сатуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө уланууда», — деп билдирди ИИМден.

 

Количество просмотров: 24