Бишкек. 06.03.2019. Govori.TV.
Маха Медербекова аттуу фейсбук колдонуучусу Оптима Банктын банкоматынан 500 сомдун жартысы чыкканын жазып чыккан.
«Эртең менен адаттагыдай эле банкоматка келип акча чыгаруу менен алек болдум. Ала турчу акча да чыкты. Бирок, 500 сомдук купюранын айрылган жарты бөлүгү чыкканы мени нес кылды. Акчыны көтөрүп алып маселе эмнеде болуп жатканын түшүнүү үчүн бухгалтерияга барганымда, мындай көрүнүштөр жалгыз эместигин билдим. Мен бул маселени көтөрмөк деле эмесмин. 500 сомдон кемип деле кетпейм. Жөн гана адамдарды сак болуусун айтып коюууну туура көрдүм»,-дейт Медербекова.