• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Бишкекте банктар доллар сатпай калышты

10 Жалган куран 2020 10:52 Бишкек Govori.TV

Бишкекте банктарда доллар сатылбай жатат. Бул тууралуу Govori.TVга окурмандар билдирди.

Алардын айтымында, учурда доллар тартыш болуп жаткандыктан ушундай кырдаал жаралууда.

Азыркы күндөгү маалыматтар боюнча 1 АКШ доллары 69,85 сомдон сатып алынып кайра 69,95 сомдон сатылууда.

Эске салсак, буга чейин Бишкекте коммерциялык банктарда долларга болгон талап күчөп, орус рублинин куну төмөндөп кеткени айтылган.

Буга мунайдын дүйнөлүк баасынын ылдыйлашы Россиянын аталган продукцияны өндүрүүнүн көлөмүн азайтуудан баш тартпаганы себеп болгон.

9-мартка карата Бишкектеги акча алмаштыруу жайларында жана коммерциялык банктарда 1 орус рубли 93 тыйындан сатылып, 96 тыйынга сатып алынууда.

Количество просмотров: 577