• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте барымтага алынып, жаракат алган аял комада

18 Кулжа 2020 12:15 Бишкек Govori.TV

Бишкекте барымтага алынып, жаракат алган аял комада
Бишкектин Чүй жана Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөндө барымтага алынып, жаракат алган аял комада. Бул тууралуу Govori.TVга Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков билдирди.

Дарыгер Сабырбек Жумабековдун айтымында, аял моюнга, далыга жана башка жерлерине бир нече ирет бычак жеген.

«Азыркы тапта акыбалы өтө оор себеби кан көп кетип калган. Жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылып, комада жатат. Кан басымы да түшүп жаткандыктан азыр кан куюп жатабыз»,-деди дарыгер Жумабеков.

Эске салсак, кечээ, 17-июнда кечки саат 20.00гө жакын милицияга билдирүү түшүп, белгисиз бирөө аялды барымтага алганы айтылган. Жерине барган милиция кызматкерлери мас абалдагы жаран аялга бычак такап коркутуп, эч кимди жакын жолотпой турганын көрүшкөн. Окуя болгон жерге Кайгуул милициянын кызматкерлери, ыкчам-тергөө тобу менен шаардык №5 милиция бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын подполковниги Эркин Жаанбаев барган. Ал бычагы бар эркек киши менен сүйлөшүү жүргүзүүгө аракет кылган. Бирок майнап чыкпагандыктан күч колдонуп бычакты алып, аялды бошотушкан. Аялды дароо Тез жардам кызматы Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирип, медициналык жардам көрсөтүлгөн. Аталган факты Биринчи май райондук ИИБдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кармалган жаран Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Анын аты жөнү такталып, 1984-жылы туулган С. К., аттуу жаран экени белгилүү болду. Тийиштүү экспертиза дайындалып, тергөө иши жүрүүдө.

Количество просмотров: 935