• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекте башаламан соода-сатык кылгандарга айып салынды

19 Теке 2022 17:05 Бишкек Govori.TV

Бишкекте башаламан соода кылгандар аныкталып, 36 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Милициянын кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан жол жээктерде өз алдынча күйүүчү майларды мыйзамсыз сатып жаткан жарандар аныкталып, 9 жаранга тийиштүү протокол толтурулуп, сатуучу жаран жеке жак болгондуктан ар бирине 3000 сомдон айып салынып, жол жээгинен алдырылды.

«Жалпы суммасы 27 000 сом. Мындай баш аламан күйүүчү май саткандардын көпчүлүгү шаарга кире бериш жерлерде, Профсоюз жана Гагарин көчөлөрүнүн күн батыш тарабында аныкталган. Мындан сырткары жол көзөмөлдөө бөлүмү сатуучу жарандарга мындай көрүнүш мыйзамсыз экендигин, эч кандай коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы жана күн ысык учурунда күйүүчү май күйүп жарылып кетүү коркунучу бар экендигин жана бул көрүнүш Кыргыз Республикасынын жолдор боюнча мыйзамына туура келбестигин эскертишти»,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жол жээгинде велосипед сатып же ижарага берген 3 жаранга тийиштүү протокол толтуруу менен 9 000 сом айып салынган.

Количество просмотров: 373