• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Бишкекте батир ээси ижарачыны үйдөн чыгарып жаткан видео тарады

15 Тогуздун айы 2022 19:43 Бишкек Govori.TV

Бишкекте батирдин ээси ижарачыны үйдөн чыгарып жаткан учурдагы видео социалдык тармактарга жарыяланды.

Маалыматка ылайык, үйдүн ээси батир акысын эки эсе көтөрүп, көчүп кетүүгө 6 күн убакыт берген.

Деген менен ижара келишими 1 жылга түзүлгөнү, мурун айына 16 миң төлөп келсе азыр ээси 38 миң сом берүүнү же батирди бошотууну талап кылып жатканы айтылат.

Орусиядагы мобилизациядан улам миңдеген жарандар коңшу өлкөлөргө агылып жаткан чагы. Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын сегиз айында Россиянын 170 миң жараны каттоодон өткөн. Мына ушундай жагдайдан пайдаланып, калаадагы батир ээлери ижара акысын көтөрүп жиберишкен айтылууда.

Количество просмотров: 2555