• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте батирден аял кишинин жансыз денеси табылды

15 Чын куран 20229:49 Бишкек Govori.TV

Бишкекте батирден аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, 14-апрель күнү Октябрь районунун 7-Апрель көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн батирлердин биринде жашоочусу байланышка чыкпай жана эшиги бекилип калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматы 5 куткаруучусу тартылып, эшигин ачкан кезде батирдин ичинен улгайган аял кишинин жансыз денеси табылган.

Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилип, учурда аял кишинин өздүгү такталууда.

Количество просмотров: 310