Бишкек шаарынын Октябрь районунда жайгашкан батирден эркек адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 30-июнь күнү саат 09:40да ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачышкан. Батирдин ичинен 1952-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылды.
«Маркумдун жансыз денеси ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.