• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкекте батирден өрт чыгып, улгайган 2 киши жабыркады

28 Баш оона 202011:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы батирлердин биринде өрт чыгып, эки адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 27-август күнү саат 07:51 чамасында Биринчи Май районунун Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан батирде 25 чарчы метр үй тиричилик буюмдары күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 88 жаштагы эркек киши жана 90 жаштагы аял түтүнгө уланышкан. Абалдары туруктуу.

Азыркы учурда өрттүн себептери такталууда.

Количество просмотров: 87