• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте базарлар менен дүкөндөр текшерилип жатат

10 Бугу 202213:29 Бишкек Govori.TV

Бишкекте соода объектилери менен базарлар пландан тышкары текшерилип баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан кабарлашты.

Маалым болгондой, текшерүү маалында ЕАЭБдин техникалык регламентинин талаптарына жооп бербеген товарлар изделет жана тез бузулуучу азыктарды сактоо шарттарын каралат.

«Негизги максат — тамак-аштан массалык ууланууну алдын алуу»,-деп айтылат маалыматта.

Департамент коомчулукка төмөнкү чараларды сактоого чакырат:

кооптуу продукцияны сатып алганыңызды үйгө келгенден кийин билип калсаңыз аны пайдаланбаңыз;

тез бузулуучу каймактуу кондитердик азыктарды көчөдөн жана сактоо шарттары сакталбаган (муздаткычтары жок) дүкөндөрдөн сатып албаңыз.

Количество просмотров: 291