Бишкекте белгилүү журналист, иликтөөчү, публицист Вадим Ночевкин каза болду. Бул тууралуу анын жакындары социалдык тармактарга жазышты. Маалыматка караганда, Ночевкин соңку учурда онкологиялык дарт менен ооруп жаткан.
60 жаштагы Вадим Ночевкин 35 жылдай журналист болуп иштеген. Узак убакыт орус тилдүү “Дело №” гезитинде эмгектенип, саясий, криминалдык жанрдагы макалаларды, иликтөөлөрдү жазганы менен белгилүү.
Көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга татыган.