• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте беш автоунаа кагышты

18 Жетинин айы 201910:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында беш автоунаа кагышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу «Короче» Telegram каналына жарыяланды.

Күбөлөрдүн айтымына караганда, кырсык 17-ноябрда, Жибек Жолу жана Жаш Гвардия проспектилеринин кесилишинде катталган.

Ал эми Бишкектин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын нөөмөт бөлүмү кырсык болгонун тастыктады.

«Жабыркагандар боюнча азырынча маалымат жок. Учурда кырсыкка аралашкан унаалардын баары айып короого киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 206