Бишкекте бир аптада мас абалындагы 90го жакын айдоочу кармалды
26 Бештин айы 2022 11:11 Бишкек Govori.TV
16-декабрдан 22-декабрга чейин Бишкек шаарында 3 миң 608 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдиришти.
Алардын ичинен:
- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 58;
- мас абалында транспорт каражаттарын башкаруу — 86;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 16;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежесин бузуулар — 23;
- унаада коопсуздук эрежелерин бузуу — 3 812;
- Башка жол эрежелерин бузуу — 2 миң 201;
- айып короосуна токтотулган унаалардын саны — 743.
Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.
Подписаться:
Количество просмотров: 56