• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекте “Бир Дүйнө-Кыргызстан” кинофестивалынын ачылышы өтүүдө

11 Жетинин айы 2019 19:39 Бишкек Govori.TV

Бишкекте “Бир Дүйнө-Кыргызстан” кинофестивалынын ачылышы өтүүдө. Бул жылы фестиваль Балдардын укуктары боюнча БУУнун Ковенциясынын кабыл алынышынын 30 жылдыгына арналып, “Балдар үнү жана тең укуктуулук” деген темада өтүүдө. Фестивалга 10дан ашык өлкөдөн 20дан ашык даректүү тасма катышып жатат. Бул тасмалар катаал шарттагы балдардын укуктарын коргоо өңдүү бир топ темаларды чагылдырат. Мындан сырткары фестивалдын алкагында балдардан укуктарын талкуулаган талкуулар, семинарлар өтөт.

Фестивалдын ачылышына карата жолдогон куттуктоосунда Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева саясатчыларга, жарандык коом өкүлдөрүнө кайрылды. Касымалиева аларды фестивалга катышууга жана балдар укуктарына көңүл бурууга чакырган.

“Бир Дүйнө-Кыргызстан” уюму уюштурган фестиваль 13-жолу өтүп жатат. 

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 50