• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкекте бир күндө 26 мас айдоочу кармалды

27 Аяк оона 2020 15:59 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын 25–сентябрда Бишкек шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө жана жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу максатында Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы тарабынан атайын чоң масштабда профилактикалык иш-чара жүргүзүлдү. Рейд учурунда 1 миң 95 жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактысы катталып, анын ичинен:

-документи жок унаа башкаруу – 56;

-мас абалында унаа башкаруу – 26;

-унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын күңүрттөп, караңгылатып айдоо – 3. Атайын айып унаа токтотуучу жайга 131 автоунаа киргизилген.

«Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу максатында мындан ары даы профилактикалык, иш-чараларды жүргүзүп тураарын эскертип, жалпы айдоочуларга жол эрежелерин так сактоого чакырабыз», — деп айтылат Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Количество просмотров: 84