Бишкекте бир катар курулуш компанияларга айып салынды
Бишкекте бир катар курулуш компанияларга айып салынды
8 Бугу 2024 12:14 Бишкек Govori.TV
Муниципалитеттен билдиришкендей, төмөнкү компаниялар шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузган:
Чүй проспектиси, 127/1 дарегиндеги «Престиж Би Центр» ЖЧКсы жолдун тротуар бөлүгүн зыянга учуратты. Атап айтканда, тосмону демонтаждоо жана жылдыруу уруксат документтери жок жүргүзүлгөн. Аталган компания КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде 17 миң сом айып пул алган.
«Техник Трейд» ЖЧКсы жолду (асфальтты) зыянга учураткандыгы жана уруксат берүүчү документтери жок жер казгандыгы үчүн КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-беренесинин 1-бөлүгү жана 179-берененин 2-бөлүгү менен компанияга жалпы суммасы 34 миң сом айып салынган.
«Аманат Строй Инвест» курулуш компаниясы дөңгөлөктөрдү жууй турган пункту болсо да, атайын техниканын дөңгөлөктөрүн жуубай, көчөлөрдүн бирин булгаган. Инспекция тарабынан компанияга чара көрүлүп, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177- беренесинин 2-бөлүгү менен 23 миң сом айыпка жыгылган. Компанияга жолду тазалоого 1 күндүк мөөнөт берилген.
Ак-Өргө конушундагы «Шер Курулуш» ЖЧКсынын жанаша аймагы санитардык тазалыкка жооп бербегендиги үчүн инспекторлор курулуш компаниясына КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114 жана 115-беренелеринин 1-бөлүгү боюнча эки протокол түзүшкөн.
«Борсан Констракшн», «Аю Премиум Строй», «Делюр” компанияларына КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114, 115-беренелери боюнча айып протоколу жазылган.