• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте бир күндө 19 жол кырсыгы катталып, андан 49 адам жабыркады

16 Жалган куран 2021 9:10 Бишкек Govori.TV

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларга “Гололед” аталышында рейд болуп жаткандыгын эскертет.

Кайгуул кызматынан кабарлашкандай, аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам жолдор тайгак болуп, 14-мартта Бишкек шаарынын аймагында 19 жол кырсыгы катталып, андан 49 адам жабыркаган.

Кырсыктын негизги себептери — аба ырайынын бузулушу жана жолдун тайгактыгы, ошондой эле айдоочулардын аралыкты сактабай, ылдамдыкты ашырып айдагандыгынан болууда.

«Жол кырсыктарынын алдын алуу, ылдамдыкты ашырбай айдоо, ошондой эле коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында 15-марттан 18-мартка чейин Бишкек шаарынын аймагында “Гололед” аталышында атайын профилактикалык иш-чара өтүп жаткандыгын эскертебиз», — деп айтылат маалыматта.

Милициянын кайгуул кызматы жалпы айдоочуларга жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактоо менен айдоочуга жана автоунаага тиешелүү документтер менен жүрүүнү эскертет.

Количество просмотров: 163