Бишкек.21.02.2019.Govori.TV.
Жакында Бишкекте белгилүү реп ырчысы Тимати Black Star Burger ресторанын ачат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары маалымдашты.
Франшизанын ээлеринин айтымында, бул техникалык жактан эле ачылыш болуп, кардарларды кабыл алып баштайт. Ресторан Азия Молл соода борборунун 3-кабатынан орун алган. Ал эми расмий ачылыш аземге Тиматинин өзү келээри белгилүү болду.
Black Star Burger Компаниясы, 2016-жылы негизделип бизнесмен Юрия Левитас менен Тимати Black Starды биргелешип ачышкан. Тиматинин Бургерлери Москва, Нижний Новгород, Уфа, Грозный, Воронеж,Пермь, Санкт-Петербуг, Растов на Дону менен Екатеринбургда модалуу жай болуп, иштеп келет.