• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекте «БМВ» менен тез жардам унаасы кагышып, 3 кызматкер ооруканага түштү

31 Теке 2018 17:00 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 31.07.2018Govori.TV
Бүгүн 31-июлда Бишкек шаарынын Калык Акиев менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде 3 унаанын катышуусунда жол-транспорт кырсыгы болду. Бул туурасында соцтармактын колдонуучулары жазып чыгышты.

https://www.facebook.com/aturdaliev/videos/10215210276842293/

Бишкек шаары боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, жол кырсыгы Рыскулов көчөсү боюнча батышты көздөй бара жаткан тез жардам кызматынын унаасын «БМВ» сүзүп токтогон. Ал К.Акиев көчөсү менен түндүк тарапка бара жаткан. Кагышуудан кийин эки унаа тең жолдун четинде токтоп турган үчүнчү унааны сүзгөн.
Жол кырсыктын кесепетинен тез жардам кызматынын 3 кызматкери ар кандай жаракаттар менен ооруканага түшкөн.

Количество просмотров: 6