• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте болгон башаламандыкта банктын айнегин сындырган кыз кармалды

6 Аяк оона 201912:36 Бишкек Govori.TV

Кой-Таш окуясынан кийин Бишкек шаарында болгон башаламандык учурунда калаадагы банктардын биринин айнегин талкалады делген кыз кармалды. Бул тууралуу ШИИББден билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-августта Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө банктын Ж.А. аттуу өкүлү арыз менен кайрылган. Ал укук коргоочулардан кеңсенин айнегин талкалап кеткен белгисиз кызга чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси боюнча каттоого алынган.

Ыкчам-издөө аракеттеринин жыйынтыгында борбор калаанын аймагынан 17 жаштагы А.А. аттуу кыз кармалып, Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 98