• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте бомба тууралуу маалыматтан улам ооруканадан бейтаптар эвакуацияланууда

13 Бештин айы 202313:11 Бишкек Govori.TV

Бишкекте №2 көп тармактуу оорукананын имаратына бомба коюлганы тууралуу маалыматтан улам бейтаптар эвакуацияланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда министр Алымкадыр Бейшеналиев жеринде жүрөт. Ал өзү бейтаптарды жана оорукананын медициналык кызматкерлерин эвакуациялоону жетектөөдө.

«Алар ооруканадан анча алыс эмес жерде жайгашкан консерваториянын имаратына эвакуацияланууда», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 198