• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Бишкекте Борбор Азиядагы климаттын өзгөрүшү талкууланды

21 Аяк оона 2023 11:43 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-сентябрда Бишкекте Борбордук Азия аймагында боло турган «климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту эрте эскертүү системаларына» арналган конференция өтүп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, БУУнын Кыргызстандагы Өнүктүрүү программасы, БУУӨПтүн Стамбул регионалдык борбору тарабынан Евробиримдигнин каржылык колдоосу менен уюштурулган диалог 2 күнгө созулат.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов төмөндөгүлөргө токтолду.

«Иш-чаранын негизги максаты Борбор Азиядагы өлкөлөрүндөгү климаттын өзгөрүшүнөн келип жаткан коркунучтарды алдын алуу. Өзбекстандан, Тажикстандан, Түркмөнстандан делегациялар келди»,-деди Мамбетов.

Кошумчалай кетсек, мындай конференция экинчи жолу өтүп жатат.

Количество просмотров: 61