• Шейшемби 16 Теке 2024
  • Вторник 16 Июль 2024

Борбор Азия өлкөлөрү гендердик зомбулукка каршы күрөшүү боюнча биргелешкен стратегия иштеп чыгат

29 Кулжа 2024 20:56 Бишкек Govori.TV

Борбор Азия өлкөлөрү ушул жылдын аягына чейин гендердик зомбулукка каршы күрөшүү боюнча биргелешкен стратегияны жана иш-аракеттер планын иштеп чыгууну макулдашты. 27-28-июнунда Алматы шаарында Гендердик зомбулукту жоюу боюнча Борбордук Азия альянсынын аймактык конференциясы болуп өттү.

Конференцияга альянска мүчө өлкөлөр: Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан 100 активдүү катышуучу катышты.

Алардын арасында жарандык коомдун өкүлдөрү, лидер аялдар, мамлекеттик структуралар, илимий изилдөөчүлөр жана ЖМК өкүлдөрү бар. Конференция альянстын биринчи жылдыгына арналды.

Гендердик зомбулукту жоюу боюнча Борбордук Азия альянсы – гендердик зомбулукка каршы күрөштө бардык кызыкдар өнөктөштөрдүн аракеттерин бириктирген аймактык платформа. Ал өткөн жылы 27-июнунда БУУ менен Европа Биримдигинин биргелешкен “Жарык шооласы” демилгесинин аймактык программасынын алкагында, Казакстандагы “БУУ-Аялдар” структурасынын жана министрликтин колдоосу менен түзүлгөн.

Конференциянын жыйынтыгында альянстын мындан аркы ишмердүүлүгүнө негиз боло турган бир катар маанилүү документтер иштелип чыгат.

Количество просмотров: 87