Бишкек.29.05.2019.Govori.TV.
Бишкек шаарынын мэриясы «Ала-Тоо» аянтына жазып кеткен белгисиз жаранды издөөдө.
Маалыматка ылайык, белгисиз жаран аянтта төшөлгөн плиталардын 2-3 жерине жана тепкичке: «_dan4o_x» деген жазууну жазып кеткен.
“Тазалык» ишканасынын жумушчулары таң аткандан бери бейбаш шаар тургуну калтырган жазууну жууп кетирүү менен алек. Бул жазуу анын Instagram социалдык тармактагы аккаунту болушу мүмкүн”,-деп билдирет мэрия.
Андан тышкары, мэрия милициядан ээнбаш шаар тургунун таап, мыйзамга ылайык жазалоону суранган.