• Жекшемби 26 Теке 2026
  • Воскресенье 26 Июль 2026

Бишкекте ботаникалык бакта куураган чөп күйдү

22 Кулжа 202111:50 Бишкек Govori.TV

Бишкекте ботаникалык бакта куураган чөп күйдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 21-июнда Иса Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан ботаникалык бакчанын аймагында 60 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, саат 19:39да чектөөгө алынып, саат 19:56да толук өчүрүлдү. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда, жабыркагандар жок.

Количество просмотров: 89