• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бишкекте бычак менен коркутуп, акча опузалаган жаран кармалды

6 Бирдин айы 2021 14:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында каракчылыкка шектүү жаранд кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-февраль күнү болжол менен саат 06:00 чамасында Бишкек ШИИББнын «102» кызматына Анкара жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан унаа жуучу жайдан бычак менен коркутуп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1994-жылы туулган О.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен белгисиз жарандар арыз ээсин бычак менен коркутуп, акча жана чөнтөк телефон опузалап талап кылышкан.

Кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган Ж.Ы. аттуу жаранды кармашып, Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факты боюнча Октябрь райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 350