Бишкекте быйыл төрт жаңы көчө: Сухе-Батор, Ауэзов, Ахунбаев, Токтоналиев көчөлөрүнүн уландысы курулат.
Мындан тышкары үч көпүрө: Ауэзов көчөсүндө Бишкек Жылуулук электр борборунун каналы аркылуу өтүүчү, Жибек Жолу проспектиндеги Аламүдүн суусундагы жана Шүкүров көчөсүндөгү Чыгыш Чүй каналы аркылуу өтүүчү көпүрөлөр курулат.
Булардан тышкары Жибек Жолу проспекти, Жаш Гвардия бульвары, Шабдан баатыр, Ахунбаев, Медеров жана Курманжан датка көчөлөрү толук реконструкцияланат.
Мэриянын маалыматына караганда, быйыл Бишкекте жаңы жолдорду курууга 4 млрд сом сарпталат.